Британияда миллиардер оюн учурунда аары жутуп алып, каза болду

Британияда миллиардер поло оюну учурунда аарыны жутуп алып каза болду. Бул тууралуу Mirror гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, белгилүү индиялык бизнесмен, эл аралык автоунаа тетиктерин чыгаруучу Sona Comstar корпорациясынын башчысы Санжай Капур Британияда поло оюну учурунда аарыны жутуп алган соң каза болгон.

Журналисттердин билдиришинче, 53 жаштагы миллиардер талаада эс-учун жоготуп кулап түшкөн. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, аары анын оозуна кирип чагып жиберген. Натыйжада ал шок болуп, каза болгон.

Санжай Капур поло оюнуна болгон кызыгуусу менен белгилүү болгон. Ал ханзаада Уильям менен да жакын тааныш экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан