Бишкекте ири суммадагы алдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте ири суммадагы алдамчылык фактысы боюнча шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган мекемеге А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын март айында ал М. аттуу эркек кишиге шаардын бир базарынан соода контейнерин сатып алуу максатында 33 000 АКШ долларын тапшырган. Бирок акчаны алгандан кийин ал киши ошол эле контейнерди 50 000 долларга башка адамга сатып, расмий түрдө анын атына каттаткан.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

"Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган А.М. аттуу жаран шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматына жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан