Садыр Жапаров Германиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 16-июнда президент Садыр Жапаров Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Габриелла Геллилди анын дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчиге кыргыз-герман мамилелерин чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ал иштеген мезгилде эки өлкөнүн ортосунда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы баракчасы ачылганын белгиледи.

Президент саламаттыкты сактоо, билим берүү жана соода тармактарында эки тараптуу кызматташтык прогрессивдүү өнүгүп жатканын баса белгилеп, өзгөчө гуманитардык программалардын маанилүүлүгүн жана ишкердик активдүүлүктүн өсүшүн ырастады.

Габриелла Геллил кыргыз тарапка конструктивдүү жана жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө жогорку баага татыктуу алгылыктуу өзгөрүүлөр болгонун белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан