Эртең, 17-июнда президент Садыр Жапаров Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча «Борбор Азия – Кытай» экинчи саммитинин ишине катышуу үчүн Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары, ошондой эле Кытайдын төрагасы катышат.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Кытай мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен да жолугушуу өткөрөт.