Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин Астанада жолугушту

Бүгүн, 17-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан "Борбордук Азия – Кытай" саммитинин алкагында Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алмашышты.

Цзиньпин Кытай тарап Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, өзүнүн потенциалын арттырууга, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык аракеттерин жана умтулууларын жогору бааларын жана колдой турганын белгилеген.

Өз кезегинде Жапаров Кытай менен мамилелерге өзгөчө маани берерин билдирип, Кытай Кыргызстандын негизги инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтып, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталганын канааттануу менен белгилеген.

Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтуларын ырастап, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара ишенимдин, урматтоонун жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүнө токтолушкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:

  • Кыргызстандын Министрлер кабинетинин жана Кытай өкмөтүнүн ортосундагы "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын бөлүмдөрүн адистештирилген техника менен камсыздоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча кат алмашуу формасында түзүлгөн макулдашуу;
  • Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Кытайдын Өнүктүрүү жана реформалоо боюнча улуттук комитетинин ортосундагы жасалма интеллектти колдонуу боюнча кызматташуу борборун биргелешип түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытайдын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы кайра иштетүү өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы чек арадагы саламаттык сактоо жана карантин жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз улуттук “Кабар” мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Медиакорпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын “Слово Кыргызстана” басма үйү менен Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттигинин ортосундагы жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан