Израил армиясы Ирандын борбору Тегеран жана анын айланасындагы өзөктүк жана ракета жасоочу заводдорго ири аба чабуулун жасаганын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, акыркы бир нече саат ичинде 50дөн ашык аскердик учак Тегеран жана анын айланасында алдын ала чогултулган чалгын маалыматтарынын негизинде чабуул жасаган. Аба чабуулуна төмөнкү объекттер бута болгон:
Бул чабуулдардын максаты - Ирандын аскердик жана өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн алсыратуу экени айтылууда.
Эске салсак, эки өлкө ортосундагы куралдуу кагылышуу 13-июнда Израилдин Иранга чабуулу менен башталган.