Актриса Неслихан Атагүл ымыркайы менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады 

Түрк сериалдарынын жылдызы Неслихан Атагүл жолдошу жана ымыркайы менен түшкөн сейрек кездешүүчү үй-бүлөлүк кадрларын жарыялады.

Актриса "Сен мен көргөн эң жакшы атасың",- деген жазуу калтырган.

Жубайлар 2016-жылы баш кошушкан. Ал кош бойлуу экенин жашырууга аракет кылган, бирок журналисттер аны кош бойлуу кезинде сүрөткө тартып жарыялап жиберишкен. Күйөрмандары социалдык тармактарда суроолорду бере баштагандыктан, кош бойлуулугун ачыктаган.

Атагүл өзүнүн жеке блогунда кош бойлуулук ал үчүн оңой болбогонун, бирок активдүү болууга аракет кылып, көп саякаттаганын белгилеген.

Неслихан Атагүл 6-мартта уул төрөп, ага Азиз деп ысым коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан