Израилдин Газа тилкесине жасаган аскердик операциясынан улам акыркы 24 сааттын ичинде анклавда 144 палестиналык набыт болуп, 560 адам жаракат алды. Бул тууралуу Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Палестиналык дарыгерлер 2023-жылдын октябрынан бери Газа тилкесинде курман болгондордун жалпы саны 55 миң 637ге, жарадарлардын саны 129 миң 880ге жеткенин белгилешти.
18-майда Израил Газа тилкесинде палестиналык ХАМАС кыймылын талкалоо үчүн атайын операциянын чечүүчү этабына киришкенин жарыялаган.