18-июнда оппозиция лидери жана "Йеш Атид" партиясынын башчысы Яир Лапид өзөктүк куралы бар Тегеран бүткүл дүйнөгө коркунуч туудургандыктан, АКШ Израилдин Иранга каршы “күрөшүнө” кошулушу керек деп билдирди.
"Мен президент Трамп АКШ үчүн туура нерсени жасайт деп ишенем, буга чейин АКШ бул күрөшкө кошулушу керек деп бир нече жолу айттым. Ядролук Иран коркунуч туудурат", - деди Лапид The Jerusalem Post гезитине.
Кабарларга караганда, Лапиддин билдирүүсү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун коопсуздукту камсыздоо боюнча жыйынынан кийин айтылды.