Баткенде милициянын майору 15 жаштагы кыздын өмүрүн сактап калган 

Баткен облусунун Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын майору Азамат Ахунов 15 жаштагы кызды суудан куткарып калган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалымдагандай, жаш кыздын Исфайрам дарыясына агып бара жатканын көргөн жергиликтүү тургундар милицияга кайрылышкан. Ошол учурда кызматтык милдетин өтөп жүргөн Ахунов коркпостон сууга секирип, эс-учун жоготкон кызды куткарып, ага биринчи жардам көрсөткөн. Кыздын ата-энеси жана жакындары милиция кызматкерине рахматын айтышкан.

ИИМ көрсөткөн кайратмандык жана эрдиги үчүн милициянын майоруна президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү медаль тапшырып, ыраазычылык билдиргенин белгиледи.

19.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан