Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, операция ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Тергөөнүн жана ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Алар – 1966-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган М.М.А., 1987-жылы туулган С.А.Т., уюштуруучу катары шектелип жаткан 1997-жылы туулган А.У.А..
Кармоо иштери бир нече дарек боюнча бир убакта жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн качып кетүүсүнө жана далилдерди жок кылууга жол берилген жок. Кармалгандардын жашаган жерлеринде жана атайын жабдылган жашыруун жерлерде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында төмөнкүлөр табылып, алынган:
- Афганистанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 78 килограмм 660 грамм болгон баңгизаттар: апийим – 18 килограмм 385 грамм, гашиш – 60 килограмм 275 грамм;
- Улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы ири суммадагы акча каражаттары: 40 миң 700 доллар, 8 миллион өзбек суму жана 303 миң сом;
- Электрондук таразалар, таңгактоочу материалдар жана башка баңгизат соодасына байланыштуу буюмдар.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кармалгандардын өлкө ичинде жана анын чегинен тышкары башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.