АКШнын Мамлекеттик департаменти чет элдик студенттер үчүн токтотулган виза берүү иши кайра жанданганын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, студенттик визага (F-1 визасы) документ тапшыргандар эми арыз бере алышат, бирок жаңы шарттар киргизилди.
Жаңы талаптар:
- Социалдык тармактар ачык болушу керек — арыз ээлери өздөрүнүн социалдык медиа эсептерин ачык кармоого милдеттүү.
- Саясий активдүүлүгү барлар белгиленет — консулдуктарга саясий активдүүлүгү байкалган жарандарды өзгөчө белгилөө жана алардын АКШда ушундай иштерди улантуу ыктымалдыгын эске алуу тапшырылды.
- АКШга карата терс мамиле бар-жогу текшерилет — арыз ээлеринин интернеттеги билдирүүлөрүндө АКШ жарандарына, маданиятына, өкмөтүнө же негизги принциптерине каршы пикирлер бар же жок экени каралат.
- Улуттук коопсуздук маселеси — АКШ өкүлчүлүктөрү арыз ээлеринин коопсуздукка коркунуч келтире турган жагдайларын, ХАМАС уюму менен байланышы же антисемиттик аракеттерге тиешеси бар-жогун изилдешет.
"Онлайн активдүүлүк" дегенде жөн эле социалдык тармактар эмес, LexisNexis сыяктуу маалымат базаларынан алынган юридикалык жана коммерциялык маалыматтар да каралат.
Буга чейин, 2024-жылдын май айында, сенатор Марко Рубио консулдуктарга социалдык медиа боюнча кеңири маалымат чогултмайынча студенттик виза берүүнү токтотууну сунуштаган. Эми бул чектөө алынганы менен талаптар күчөтүлдү.