Бишкектеги "Даамдуу" тез татымынан шаурма жеген 12 киши ууланып, алардын ичинен 6 киши ооруканага жаткырылды.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, тамактануучу жайга 41 миң сом айып пул салынып, убактылуу жабылды.