Ош–Бишкек жолунда оор жүк ташуучу унаа кырсыктады.
Интернетке тараган видеодо унаанын жол жээгиндеги тосмодон жарымы ашып чыгып, асылып калганын байкоого болот. Ал эми үстүндө алып келе жаткан жүгү жолго чачылып, бир нече кутудагы азыктардын жерде жатканын көрүүгө болот.
Видео кайсы учурда жана кайсы жерде тартылганы айтылган эмес. Расмий өкүлдөрдүн да бул тууралуу билдирүүсү тарай элек. Жеринде жол коопсуздугун камсыздоо кызматы иш алып барып жаткандыгы байкалат.