Белгилүү кыргыз ырчы айымы Толгонай Арзыкеева кош бойлуу экендигин Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.
Ал баракчасына жолдошу менен түшкөн бир нече сүрөтүн киргизип, билдирүү калтырды.
"Мага жана жолдошума ушундай чоң бакыт тартуулаган Аллага миң мертебе шүгүр... Аманатыбыз, балабыз, махабатыбыз", - деп жазып калтырган ырчы айым.
Айта кетсек, ырчы айым 2023-жылы сентябрь айында Атай аттуу жигиттин колун кармап, турмуш жолуна аттанган.