Тегеран менен Тель-Авивдин ортосунда ок атышпоо жарыялангандан кийин Израил өкмөтү министрлерге Иран боюнча маалымат каражаттарына маек берүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, өкмөттүн басма сөз кызматы министрлерге атайын буйрук жөнөткөн.
"Министрлерге эскертүү: учурда Иран тууралуу маек берүү же маалымат каражаттарына билдирүү жасоого уруксат жок",- деп жазылган буйрукта.
Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармактагы баракчасында Израил менен Иран ок атышпоого макулдашканын жарыялаган. Ал эртең менен ок атышпоо келишими күчүнө киргенин билдирди.
Бул маалыматты Израил да тастыктап, Тель-Авив Иран менен ок атышпоону кабыл алганын расмий билдирди.