
Токмок шаарынын мэри
Максат Нусубалиев, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы жана "Аль-Кадр" курулуш компаниясынын жетекчилиги УКМК тарабынан камакка алынды.
"Регион" телеканалы тараткан видеодо алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында Токмок шаарында өтүп жаткан жыйын учурунда кармалып, атайын кызматтын кызматкерлери алып чыгып кетишти.
Жетекчилер буга чейинки Токмок шаарынын тургундарынын арызы боюнча кармалышканы айтылат. Жергиликтүүлөр президент Садыр Жапаровго жана коопсуздук кызматынын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон. Анда шаардагы парктын жана башка объекттердин курулуш иштери жүрбөй, тийииштүү жетекчилер өз милдеттерин аткарбай жатышканын айтып нааразы болушкан.