Сары-Ойдогу айыл өкмөттү сынга калтырган айлампа жасалып жатат (видео)

Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы белгилүү пансонаттарга кирип бара жаткан жолдогу айлампаны иретке келтирүү иштери кызуу жүрүүдө.

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов иштер эки күндүн ичинде аткарылгандыгын жергиликтүү ЖМКларга билдирди. Анын айтымында, айлампага гүлдөр эгилип, 1 чакырымга жакын жолду асфальттоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, айланадагы пансионаттардын ээлери менен биргеликте 3 чакырымга жакын тротуар куруу иштери башталат.

Айта кетсек, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев эки күн мурун Чолпон-Атага барып жыйын өткөрүп, айыл өкмөттүн бири катуу жеме уккан.

25.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан