Парламент төрагасы Ташиев менен сүйлөшкөнүн, Кара-Койдун жолуна асфальт басыларын айтты (видео)

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосуна алып барчу 25 чакырым жолго асфальт басыларын билдирди.

Ал жолдун учурдагы абалы начар экенин белгилеп өттү.

"Бул боюнча тийиштүү мамлекеттик мекемелерге тапшырма бердим. Бир саат мурун генерал Камчыбек Ташиев менен жолугушуп, сүйлөшкөндө айттым. Былтыр президентибиздин тапшырмасы, Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлү менен канча жылдан бери бүтпөй жүргөн Ноокат жолу бүткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө дагы 28 чакырымы жасалып жатат.

Ошого улай Кара-Кой жолун бүтүрүү боюнча сүйлөштүк. "Өзүңүздүн көзөмөлүңүзгө алып, бүтүрүп берсеңиз" дедим. Камчыбек Кыдыршаевич жакынкы күндөрү ал жакка бармай болду",- деди спикер.

Жогорку Кеңеш 25.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан