"Тарыхта болгон эмес". Ташиев президент Нарынга кошумча 807 миллион сом бөлгөнүн билдирди (видео)

Бүгүн, 25-июнда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна иш сапары менен барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жыйынга чогултту.

Ташиев Нарын облусун өнүктүрүүгө быйыл мамлекеттен 9,4 миллиард сом бөлүнгөн болсо, президент Нарын шаары үчүн кошумча 807 миллион сом бөлүп бергендигин билдирди.

"Президентибиз Садыр Жапаров Нарын шаарын карагыла деп бөлүп берип жатат. Качан эле Нарын шаарына 800 миллион сом бөлүндү эле? Тарыхта мындай болгон эмес",- деди Ташиев.

Коопсуздук кызматынын жетекчиси Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевди ордунан тургузуп, бөлүп берген акча тууралуу дагы бир ирет айтып, пландарды аткарууга ушул каражат жумшаларын эскертти.

Ташиев президент Нарынга кошумча 807 миллион бөлгөнүн билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан