Чүй облусундагы Сокулук-Жыламыш-МТФ унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Жалпы 40 чакырымды түзгөн бул жолдун быйыл 3-6-чакырымдар аралыгын асфальттоо пландалган.
Былтыр да Сокулук-Жыламыш-МТФ жолунун 3 чакырымы жасалган эле.