Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Аталган мыйзам атайын жумушчу топтун катышуусунда кайра иштелип чыккан. Быйыл парламенттин 9-апрелдеги отурумунда биринчи окууда жактырылган. Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.
Эске салсак, аталган мыйзам буга чейин журналисттердин жана жарандык коомдун нааразычылыгын жараткан. Мындан улам былтыр 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бул мыйзам долбоору артка кайтарылып, кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.