"Бошотуп койгула". Каналга сарай, тооккана, чайкана салып алгандарга мэр жеке эскертүү берип чыкты (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эми кечки салкында рейд өткөрө баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 25-июнь кечки саат 19:00дө Төлөйкөн айылындагы Кайырма каналынан бөлүнүп чыккан КД каналын ачуу боюнча рейддик кыдыруу өткөрдү.
Анын алкагында мэр рейдди Мамыров көчөсүнөн башталып КД каналынын жээги менен улады. Аталган каналдын үстүнө үй салып жашап жаткандарга, чайхана жана башка коммерциялык багыттагы курулуштарды, сарай, тооккана куруп алган жарандарга жеке эскертүү берди. Ошондой эле тийиштүү жетекчилерге каналдын корук аймагын бошотуу тапшырмасын койду.
"Жериңер ошончо экен, биздин жерди бошотуп койгула. Урушпайлы. Канал ачык турса салкын болот. Булар өз бизнестерин жүргүзсө болду да",- деди Токторбаев.
Оштун мэри эми кечкисин рейд өткөрө баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан