Кечээ, 24-июнда Ирандын "Урмия" түрмөсүндө Израилдин пайдасына тыңчылык кылды деп айыпталган үч адам өлүм жазасына тартылганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Иран бийлигинин маалыматы боюнча, алар алкоголдук ичимдиктердин партиясын жамынып алып, өлкөгө террордук чабуулдар үчүн жабдууларды алып өтүүгө аракет кылышкан. Алар кармалып, чет элдик өкмөт менен кызматташуу беренеси боюнча соттолгон.
Мындан тышкары, 22-июнда Иран Израилдин чалгындоо кызматына жашыруун маалыматтарды берген деп айыпталган адамды өлүм жазасына тартты.
Басылмалар Израил менен жаңжал күчөгөн шартта Иранда тыңчылыкка шектелген адамдарды өлүм жазасына тартуулар көбөйгөндүгүн баса белгилешүүдө.