"Интернетке азыраак убакыт коротуп..." Бразилиянын президенти Трампка кеңеш берди

Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва америкалык кесиптеши Дональд Трампка "интернетке азыраак убакыт бөлүп, көбүрөөк мамлекет башчы катары убакыт өткөр" деген кеңешин берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Ушул кыйын күндө АКШда өлкөнүн президенти бар, ал өз сөзүнө көңүл бурушу керек. Эмне айтууну ойлонушу шарт. Интернетке азыраак убакыт коротуп, мамлекет башчысы болуу кандай болору жөнүндө көбүрөөк ойлонушу кажет. Эркин соода, көп тараптуулук, тынчтык жөнүндө көбүрөөк ойлон",- деп билдирген ал.

Лула да Силва былтыр АКШдагы шайлоо өнөктүгүнөн бери Трампты бир нече жолу сындаган. Ал АКШнын Ирандын өзөктүк объекттерине болгон кол салуусуна да тынчсыздануусун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан