Италияда 60 жаштагы киши үйүнө кирген ууруну өлтүрүп, көмүп салган

Италиянын Салерно провинциясынын тургуну үйүн тоноого аракет кылган адамды өлтүрүп, сөөгүн жашырган деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 60 жаштагы тургундун үйүнө үч адам тоногону келген. Үйдүн ээси аларды ок атуучу курал менен тосуп алган. Бири качып кетүүгө үлгүрүп, экинчиси оор жаракат алып ооруканага түшкөн. Ал эми үчүнчүсү дайынсыз кеткен.

Андан соң дайынсыз жоголгон үчүнчү жаранды аялы издеп баштаган. Анын айтымында, 26 жаштагы күйөөсү үйдүн ээсинин колуна түшүп калып, өлтүрүлгөн. Укук коргоо органдары кишинин үйүн издеп баштаганда ал күнөөнү моюнуна алган. Киши кылмышкердин өлүп калганына көзү жетип, жансыз денеден кутулууга шашып, аны жерге көмүп салганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан