Кытайга данектүү жемиштерди экспорттоону камсыздоо иштерүү жүрүүдө

Кыргызстандан Кытайга данектүү өсүмдүктөрдү экспорттоо боюнча Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарында өрүк жана шабдалы бактарын, ошондой эле таңгактоочу цехтерди видео инспекциялоо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул иштер министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти жана Кытайдын Бажы башкармалыгы менен биргеликте уюштурулууда.

Видео инспекциялоо 24-июндан 26-июнга чейин кытай тарап менен биргеликте дистанциялык форматта жүргүзүлөт. Иш учурунда өрүк жана шабдалы бактарынын фитосанитардык абалы, ошондой эле жыйноо, сактоо жана таңгактоо шарттары бааланат.

Иш-чаранын максаты - кыргыз өрүгү менен шабдалысынын КЭРдин талаптарына шайкештигин тастыктоо жана бул продукциянын Кытай рыногуна туруктуу экспорттолушун камсыз кылуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан