Бельгия Израилдин аскердик өкүлүн өлкөдөн чыгарууну талап кылууда

Израилдин Брюсселдеги аскердик өкүлү Моше Тетрону Бельгиядан чыгаруу талабы көтөрүлдү. Аны Газада ачкачылыкты курал катары колдонуп, геноцидге салым кошкон деп айыпташууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Брюсселде жайгашкан Хинд Режеп фондунун билдирүүсүнө ылайык, Тетро мурда Израил армиясынын COGAT бөлүмүндө (Палестина аймагындагы администрацияны координациялоочу орган) иштеп, Газа тилкесиндеги ооруканага болгон чабуулдарды уюштурган деп айыпталууда. Ал Газада элди атайылап ачка калтырып, бул ыкманы курал катары пайдаланган.

Тетро азыр дипломатиялык кол тийбестикке ээ, ошондуктан ал жазаланбай жүрөт. Фонд Бельгияны "Эл аралык мыйзамдарды бузгандар менен кызматташып жатат" деп сындады.

Алар Бельгия Тетрону өлкөдөн чыгаруусун жана эл аралык кылмыш соту (Гаагадагы) аны камакка алуу чечимин чыгаруусун талап кылышууда.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 10-январында БУУ "Газада элдин 45 пайызы ачкачылыкта жашап жатат" деп билдирген. Ошол эле күнү Тетро "Газада ачкачылык жок" деп жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан