Өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, атайын кызматтын жасалма кызматтык күбөлүгүн менен жарандан пара опузалоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын дарегине бир жаран арыз менен кайрылып, шектүү ар кандай шылтоолор менен 500 миң сом опузалап алгандыгын билдирген.
Атайын кызмат ал кармалганын, тинтүү учурунда андан пара менен УКМКнын кызматкеринин формасын кийген сүрөтү бар жасалма документ табылганын белгиледи.
Натыйжада шектүү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда жана башка тиешеси бар адамдар такталууда.