ӨКМ Ысык-Көлдүн жээгинде көп учурда балдар кароосуз калып жатканын билдирди.
Андыктан облусутагы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү туристтик сезон башталгандан тарта көл жээгиндеги пансионат, пляждарда суу коопсуздугу боюнча түшүндүрүү ишин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүшүүдө.
"Куткаруучулар көл жээгиндеги эс алуучуларга атайы нускама кагаздарын таратуу менен бирге моторлуу кайыктар менен да жарандардын коопсуздугун көзөмөлгө алууда. Баса белгилей кетүүчү жагдай, көлгө түшүүдө жаш балдардын кароосуз калгандыгы жана коопсуздук эрежелерин так сактабагандыгы болууда. Мындан улам ӨКМ кызматкерлери ата-энелерге балдарын тыкыр көзөмөлгө алууну ошондой эле пансионаттардагы куткаруучулардын эскертүүлөрүн кынтыксыз аткарууну эскертет",- деп белгиленген маалыматта.