УКМК Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшеновду жана башка бир катар муниципалитеттин кызмат адамдарын кармап кеткендигин жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мэр баш болуп кармалган кызмат адамдары коррупцияга шектелүүдө.
Белгилей кетсек, жакында эле атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Токмокко барып жыйын өткөрүп, жемкорлукка шектелген шаар башчысы жыйында кармалды. Ошондой эле коопсуздук кызматынын жетекчиси ар бир облуска барып эл менен жолукканда мамлекеттик кызмат адамдарына эскертүүлөрдү берип келүүдө.