УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Чаткал районунда жаңы ачылган атайын кызматтын имаратында Жогорку Кеңештин депутаты Жайлообай Нышановдун күчүн сынады.
Ал эл өкүлүн тамашага салып, "груша" соктурган.
"Барганда эле министрлерди урушуп каласыңар го, кана, урчу. Бизди парламентте уруша берет го. Эми көрөлү", - деди Ташиев.
УКМК жетекчисинин сөзүнөн соң Нышанов атайын мээлейди кийип, анын тапшырмасын аткарды.
Эске салсак, УКМКнын аталган бөлүмү 29-июнда Ташиевдин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылган.