Казакстанда коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салынды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бетти жапкан кийим кийүү маселесин жөнгө салган мыйзамга кол койгонун казак басылмалары жазып чыгышты.

Эми коңшу өлкөдө коомдук жайларда адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийимдерди кийүүгө тыюу салынат. Бирок мыйзамда медициналык себептерден улам, аба ырайынын жагымсыз шарттарынан коргонуу үчүн, жарандык коргонуу максатында, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларга катышууда бетти жапкан кийимдерди кийүүгө уруксат берилген.

Эске салсак, быйыл январда Кыргызстанда коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Мындан улам аймактарда мыйзамдын аткарылышы боюнча бир нече рейддер өткөрүлгөн.

"Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр 26-декабрда кабыл алынган. Президент документке 21-январда кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан