Иранда Израил менен болгон жаңжалда 935 адам набыт болгонун Associated Press агенттиги жазып чыкты.
Курман болгондордун арасында 38 бала жана 132 аял бар. Бирок каза болгондордун канчасы аскерий жана карапайым адамдар экени тууралуу маалымат айтылган жок.
Буга чейин Иран тарап согуштан 627 киши каза болгонун маалымдаган. Израил тарап 28 жараны набыт болгонун билдирген.
Эске салсак, 13-июнда Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштаган. Анын максаты Тегерандын өзөктүк программасын жок кылуу болгон. Буга жооп иретинде Иран Израилге чабуул койгон.
22-июнда АКШ Ирандагы үч өзөктүк объектиге сокку урган. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп эки өлкө ок атышууну токтотуу келишимине келишкенин жарыялаган. Ок атышпоо режими дагы эле сакталууда.