Бүгүн, 30-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин имаратында курулуш иштери жай жүрүп жаткан компаниянын кардарлары чогулду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Маалымдагандай, чогулган жарандар менен Курулуш министрлигине караштуу мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин директору Эрназар Суйеркулов жолуккан. Ошондой эле "Brand House" ЖЧКсынын жетекчиси Нурлан Эшбаев чакырылып, эки тарап тең өз ойлорун билдиришкен.
Көптөн бери токтоп турган курулуш иштерине жана компания тарабынан берилген убадалардын аткарылбай жатканына нааразы болгон жарандар бир катар маселелерди көтөрүшкөн. Жыйынтыгында "Brand House" компаниясына курулуш иштерин жандандырып, көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир апта убакыт берилген.
"Эгерде белгиленген мөөнөт ичинде тиешелүү иштер аткарылбаса, Курулуш министрлиги мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрөрү маалымдалды", - деп айтылат маалыматта.