Такыр-Төр көлүндөгү кырдаал: Суунун агымы дагы көбөйүп, жарандар эвакуацияланды (видео)

ӨКМ Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлү боюнча саат 7:30га карата маалымат таратты.
Маалым болгондой, 1-июлда түнкү саат 03:00 чамаларында аталган көлдөн агып жаткан суусунун көлүмү көбөйдү. Учурда анын агымы 4-8 куб метр. Алмалуу жана Горная-Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жолун суу каптап, ал жер жабылды.
"Райондогу бөлүм тарабынан Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын калкы менен Нижняя-Серафимовка айылындагы карылар үйүндөгү жарандар коопсуз жайга эвакуацияланып, ИИМ тарабынан аталган аймактарда блокпосттор коюлду.
Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы жана Токмок шаардык мэриясынын имараттарында орнотулган калкты үн менен кабарлоо системи аркылуу маалымат берилип, телеканалдардын эфиринен тартып алуу жолу менен калкка маалымат жетикирилүүдө. Жеринде ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери Такыр-Төр көлүнүн абалына байкоо жана көзөмөл жүргүзүп жатышат",- деп айтылат маалыматта.
01.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан