Бакуда "Sputnik Азербайжан" агенттигинин эки журналистин күч түзүмдөрү кармап кетти (видео)

Азербайжандын коопсуздук күчтөрү Бакуда орусиялык эки журналистти кармады. Алар “Sputnik Азербайжан” агенттигинин жетекчиси Игорь Картавыхты жана башкы редактору Евгений Белоусов экендигин чет элдик басылмалар жазышууда.

Азербайжандын Ички иштер министрлиги коопсуздук күчтөрүнүн операциясын комментарийлеп, аталган агенттиктин ал өлкөдөгү аккредитациясы 2025-жылдын февраль айында токтотулганын, бирок маалымат каражаты “мыйзамсыз каржылоо аркылуу” ишин улантканын билдирди.

Эскерте кетсек, Орусиянын Екатеринбургдагы рейд болуп, азербайжандыктар массалык кармалды. Күч түзүмдөрүнүн бул операциясы адам өлүмү менен коштолду. Бул арада Азербайжан тынчсыздануусун билдирип, Бакудагы Орусиянын элчисине нота да берди. Ошондой эле Азербайжанда Орусия менен байланыштуу иш-чаралардын бардык түрүн декабрга чейин токтотту.

"Sputnik Азербайжан" агенттигинин эки журналисттин күч түзүмдөрү кармап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан