Экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып, Бишкекте жашыруун жыйындарды өткөрүп, жаңы мүчөлөрдү тартуу аракетин көргөн "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда УКМК кабарлады.
Маалым болгондой, Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Экстремисттик ишти түзүү жана каржылоо) алкагында уюмдун 5 активдүү мүчөсү кармалып, алар кылган ишин моюнга алды. Алардын үйлөрүн тинтүү учурунда көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталган электрондук маалымат каражаттары табылып, алынды. Мындан тышкары, алардын лидерлери мурда экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн сот жообуна тартылган.
Кармалгандар: 1967-жылы туулган А.О., 1973-жылы туулган С.Д., 1980-жылы туулган С.А., 2000-жылы туулган И.И. жана 1979-жылы туулган Ш.Н. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Териштирүү иштери уланууда.