
Журналист
Канат Каниметов бүгүн, 1-июлда саат 14:30га "Апрель" телеканылынын иши боюнча УКМК суракка чакырганын өзүнүн Фейсбук баракчасынан билдирди.
Каниметов атайын кызматтан келген катты жарыялап, аталган телеканалда иштебей калганына 3 жылдын жүзү болгондугун билдирди.
"Мен “Апрель” телеканалынан кеткениме 2 жыл 8 ай болду. Менин аталган телеканалга кандай тиешем бар экендиги түшүнүксүз. Эмнеге тергөө органдары мага кызыгып жатат? Мен бул каналдын мурдагы кызматкеримин. Эски команда менен достук да, ишкердик да мамилем жок",- деди ал.
Ошондой эле учурда башка медиада ишмердигин улантып жаткандыгын айтып, ал жалаң гана миграцияга байланыштуу экендигин кошумчалады.