
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси
Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасы аркылуу айдоочулар үчүн ОСАГО полисин алуу тууралуу маалымат берди.
Ал белгилегендей, буга чейин унааларын 1-июлга чейин камсыздандырбаган жарандарга айып пул салынат деген чечим чыккан эле.
"Азырынча жарандар камсыздандыруу кампаниясына активдүү катышууда. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өзүндө эле 211 миңден ашуун унаа камсыздандырылуудан өткөн. Жеке компанияларды кошкондо жалпысынан 500 миңге жакын унаа камсыздандырылды.
Социалдык тармактарда "камсыздандыруу токтотулду" деген туура эмес маалыматтар тарап жатат. Чын-чынына келгенде, камсыздандыруу иши уланууда, бүгүндөн тарта күчүнө кирди. Болгону, 1-июлга чейин камсыздандырбагандарга айып пул салуу боюнча гана убакыт берилип, кечиккендерге мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Демек, камсыздандырууга жетишпей калгандар үчүн кошумча убакыт бар",- деп жазды ал.
Белгилей кетсек, буга чейин айдоочулар үчүн ОСАГО полисин алууга жетишпей калган жарандарга ушул жылдын 1-сентябрына чейин убакыт берилгени
маалымдалган.