Фестивалга ардактуу конок катары "Мейкин Азия" фестивалынын биринчи жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak чакырылган.
20-22-июль күндөрү Ысык-Көлдөгү Бактуу‑Долоноту айылындагы ипподромдо IV эл аралык “Мейкин Азия” эстрадалык музыка фестивалы өтөт.
Фестивалга 25тен ашык өлкөдөн келген таланттуу жаш эстрада ырчылары катышат. Ошондой эле иш-чаранын ар бир күнүндө Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жылдыздардын катышуусунда концерттик программалар болот.
Концертке белгилүү эстрада ырчыларынан Мирбек Атабеков, Jax 02.14, Freeman 996, Бакр, Абир Касенов, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, Нурила, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Миңжашар Мурзаев, Бегимай Турусбекова, Руслан Асанкан жана ERA катышат.