Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров, мессенджер Орусиядан четтетилет деген жалган маалыматтарга түшүндүрмө берди. Бул кабар башында тамаша иретинде сатирикалык сайтта жарыяланган, бирок кийин аны чындыктай кабыл алып, айрым Telegram каналдар жана ЖМКлар тараткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Дуров Telegram’да фактчекинг функциясы иштей баштады деген маалыматтарды да четке какты. Бул функция былтыр эле пайда болгон, бирок азыр иштеп жатканына далил жок.
Ошондой эле ал Telegram айрым OSINT-каналдарды (ачык булактардан чогултулган маалыматтык чалгындоо) атайылап жапты деген дооматтарды жокко чыгарды. Чынында бул каналдар жеке маалымат тараткан үчүн автоматтык түрдө убактылуу жабылган, бирок кайра тез эле ачылган.
Дуров Telegram’дын IP-даректери боюнча тараган коркунучтуу маалыматтарды да "техникалык жактан туура эмес жана жалган" деди. Буга чейин көз карандысыз адистер бул маалыматтарды расмий түрдө жокко чыгарган.
Telegram 12 жылдан бери колдонуучулардын купуялыгын жана маалыматка эркин жетүү укугун коргоп келгенин кошумчалады ал.