Чоң-Кеминде 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды (видео

Бүгүн, 3-июлда Кемин районунда 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталаган өсүмдүк Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерден аныкталган. Мындан улам милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу иштерин жүргүзүшкөн.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана колдонууга тыюу салынганы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

03.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан