Бүгүн, 4-июлда Азербайжандын Ханкенди шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) XVII саммити өтөт.
Саммитке уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн, тагыраагы Афганистан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт жетекчилери катышат. Ошондой эле Нигериянын бюджет жана экономикалык пландоо министри, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти да саммитке катышары күтүлүүдө.
Бул жолку жыйналыштын негизги темасы «Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы» болмокчу.
Белгилей кетсек, ЭКУнун мурунку саммити 2023-жылдын 9-ноябрында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн.