Орусияда 27 жыл мурун 11 жаштагы кызды зордуктоого шектүү эми кармалды

Санкт-Петербургда тергөөчүлөр 1998-жылы жасалган 11 жаштагы кызды зордуктоо боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү эми аякташкан. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Окуя мындан 27 жыл мурун май айында болгон. Анда жергиликтүү тургун кызга өзүн дарыгер деп тааныштырган шектүү аны үйүнүн жанында зордуктаган. Андан кийин ал кылмыш болгон жерден качып кеткен.

"Кылмышкердин өздүгү жабырлануучунун сөзүнөн түзүлгөн портреттин негизинде аныкталган. Ал мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон",- деп белгилешкен тергөө комитетинен.

Июнь айында бул иш боюнча айыпталуучуга айып тагылган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Учурда иш сотко жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан