Гаага шаарындагы Эл аралык кылмыш соту Ооганстанда бийликте турган "Талибан" кыймылынын эки жогорку жетекчисине – жогорку лидер Хайбатулла Ахундзадага жана башкы сот Абдул Хаким Хакканиге камакка алуу ордерин чыгарды.
Сот мындай чечимди алар аялдар менен кыздарга карата чектөөлөрдү киргизүү аркылуу адамзатка каршы кылмыш жасаган болушу мүмкүн деп эсептегени үчүн чыгарган.
"2021-жылы талибдер кайрадан өлкөнүн, анын ичинде борбор Кабул шаарынын көзөмөлүн колго алгандан кийин, алар 12 жаштан жогору ооган кыздарына билим алууга тыюу салышкан, ошондой эле аялдардын көптөгөн тармактарда иштөөсүнө жол берилбей калган. Бул – киргизилген чектөөлөрдүн бир аз бөлүгү гана",- деп айтылат маалыматта.
Ал эми "Талибан" кыймылы Эл аралык кылмыш сотунун чечимин тааныбай турганын билдирип, камакка алуу ордерин "ашыкча душмандык кадам" жана "бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын ишенимине шек келтирген кордоо" катары сыпаттады.
Мындай учурлар буга чейин да болгон. Эл аралык кылмыш соту өзүнүн юрисдикциясын тааныбаган мамлекеттердин жетекчилерине карата ордер берүүнү буга чейин да ишке ашырган. Алсак, 2023-жылы Орусия президенти Владимир Путинге да камакка алуу ордери чыгарган.
Эске салсак, дүйнөнүн бир нече өлкөсү "Талибан" кыймылын тыюу салынган уюм катары эсептейт. Бирок жакында гана Орусия алгачкылардан болуп талибдердин азыркы бийлигин расмий түрдө тааныды.