Каттамдар боюнча айтылат. Бишкекте “Акылдуу аялдама” пилоттук долбоору ишке кирди

Бишкек шаарында “Акылдуу аялдама” пилоттук долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда калаа бийлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, маалымат тактасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы аялдамага орнотулду.
Интерактивдүү систем реалдуу убакытта көрсөтөт:
  • аялдамадан өткөн маршруттук номерлер;
  • жакынкы транспорттун келүү убактысы.
Ошондой эле, "А" чекитинен "Б" чекитине чейинки каттамдар, транспорттун түрлөрү боюнча кеңештер камтылган.
Кошумчалай кетсек, жүргүнчүлөрдүн бардык категорияларынын ыңгайлуулугу үчүн үн менен коштолгон маалымат функциясы ишке ашырылган. Алдыда долбоорду кеңейтип, шаардын башка негизги аялдамаларына да ушундай системдерди орнотуу пландалууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан