Бүгүн, 9-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский жубайы менен бирге Римге дүйнө лидерлеринин жана бизнес өкүлдөрүнүн Украинаны калыбына келтирүүнү колдоого арналган конференциясына катышуу үчүн барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Зеленский ал жакта Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолугушат. Андан тышкары, Рим папасы Лев XIV менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалганы айтылууда.
Украинаны калыбына келтирүү боюнча конференция 10-11-июль күндөрү өтөт.