Интернет желесинде рак дартынан жапа чеккен Улуу Британиянын падышасы Чарльз III'нүн көзүнө кан толгону тартылган видео тарап жатат. Андыктан интернет колдонуучулары анын ден соолугу начарлап жатышы мүмкүн деген пикирлерди жазууда.
Аталган видео Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Улуу Британияга расмий сапары учурунда тартылганы айтылды. Анда Чарльз III менен Макрон жолугушуп жатканы көрсөтүлгөн.