Кытайда Шанхай кызматташтык уюмунун кинофестивалынын алкагында "Шамбала" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы маалымдады.
Белгилүү болгондой, иш-чара ушул жылдын 3-7-июль күндөрү Чунцин шаарында өттү. Анда "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын эски жана жаңы тасмаларынын презентациясы жасалып, "Шамбала" тасмасы көрсөтүлдү.
Иш-чаранын аягында өткөн суроо-жооп секциясына Кинематография департаментинин директорунун орун басары Маратбек Асаналиев, "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору Акжолтой Бекболотов жана "Шамбала" тасмасынын продюсери Медер Сүйүндүков катышты.